Кытайдан кирген товарлардын эсебинде айырма бар

11 февраля 2020 12:41 638 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеште Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында депутат Аалы Карашев Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товардын кирип-чыгуусу боюнча эки башка маалыматтар бар экенин айтып, маселе ким тарапта экенин сурады.

“Баалардын эки башка болуп жатканы көптөн бери келе жаткан маселе болчу. Бирок такыр эле аягына чыга албай койдук. Дайыма айтабыз, Кытайлар мындай көрсөтөт, Кыгызстанда мындай, Казакстанда мындай деп. Кандай болгондо дагы бул жакшы эмес көрүнүш. Кааласак каалабасак дагы жөнөкөй калкта суроо жаралып, “бул жакта уурдап жатат”, “жеп атыптыр” деген сөздөр кетип күмөн саноолор башталат. Убакыт сааты деле жетти го, ушуну ачыкка чыгаралы. Ушунча убакыттан бери Кытай тарап туура эмес эсептеп жатса, негиздеп алардын монйнуна коюп берели. Биз тарап кылып жатсак моюнга алып, оңдоо керек”, — деди депутат.

Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев чындыгында эки ача маалыматтар бар экенин айтып, негизги маселе Кыргызстана аркылуу транзитке кеткен товарлардын баары Кыргызстанга кирди деп жазылып калып жатканын кошумчалады.

“Негизги маселе биз аркылуу транзитке кеткен жүктөрдүн бары кошулуп эсептелип жатат”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdan-kirgen-tovarlardyn-esebinde-ajyrma-bar



Добавить комментарий