Кытайдан келе жаткан алма кайтарылды

31 октября 2019 10:54 3196 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кыргыз-кытай “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагына киргизилип келе жаткан 50 тоннадан ашык алма кайра Кытайга кайтарылды.

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинен маалымдады

Маалыматта алмалардын фитосанитардык тобокелдиги жогору болгондуктан, карантинге алынган.

“Анда ЕАЭБдин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык (маркалоонун жоктугу жана тез бузулуучу азыктарды ташуу) талаптары бузулган. Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери текшергенден кийин карантинге алынган продукциянын партиясы Кыргызстандан Кытайга кайтарылды”, — деп айтылат маалыматта.

Жүктүн мыйзамсыз экени коштоочу документтерди жана жүктү карап, текшерип жатканда аныкталган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык дээрлик көпчүлүк аймагында алманын бардык сорттору өсөт. Биздин алмалар сырттан алынып келгендерге салыштырмалуу табигый жактан таза деп эсептелинет.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdan-kele-zhatkan-alma-kajtaryldy



Добавить комментарий