Кытайдагы жер титирөө Алай районунда 3 баллга чейин сезилди

30 октября 2018 10:30 1189 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн эртең менен Алайда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Анда айтылгандай, 2018-жылдын 30-октябрында саат 08:22де  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdagy-zher-titir-alaj-rajonunda-3-ballga-chejin-sezildi



Добавить комментарий