Кытайдагы азык-түлүк дүкөнүндөгү жарылуудан 11 адам каза болду

14 июня 2021 11:05 1613 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

13-июнда Кытайдын Хубэй провинциясынын Шиян шаарындагы азык-түлүк базарында жарылуу болуп, ал жерде 11 адам көз жумду. Бул тууралуу Reuters сайтына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, окуя таңкы саат 6:30 чамасында болгон. Каза болгондордон башка 144 адам жаракат алган. Учурда жаракат алган 144 адамдын ичинен 37си оор абалда. Таң эрте болгон жарылуудан базардын имараты толук талкаланып, тегерек-четтеги үйлөрдүн айнектери сынып кеткен. 

Кырсыкка газ чыгып, өрт тутанганы себеп болгон. Шаарда кан куюу боюнча кошумча бекеттер иштей баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdagy-azyk-tlk-dknndg-zharyluudan-11-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий