Кытайда заводдон ири өрт чыгып, 36 адам каза болду
Поделиться в:
Кытайдын Хэнань провинциясындагы заводдо 22-ноябрда болгон өрттүн кесепетинен кеминде 36 адам каза болгонун CGTN телеканалына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Аньян шаарындагы заводдо ири өрт чыккан. Учурда 36 адам каза болуп, экөө жарадар болуп, дагы экөө дайынсыз жоголгону белгилүү болду.
Телеканалдын маалыматы боюнча, өрт өчүрүлүп, кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-zavoddon-iri-rt-chygyp-36-adam-kaza-bolup
Добавить комментарий ×