Кытайда он секунда ичинде укмуштуудай жарылуу менен эски көпүрө талкаланды (видео)

28 декабря 2020 14:22 1496 Barometr
Поделиться в:
ok


Кытайдын Хунань провинциясында, жарактан чыккан дарыя көпүрөсү бир нече секунданын ичинде атайын даярдалган жардыруудан улам талкаланды. Бул тууралуу твиттерге New China TV жарыялаган видео тасмага шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кадрларда узундугу 760 метрди түзгөн көпүрөнүн бир заматта майда бөлүктөргө чачырап, урап жатканы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда жардыруу бир эле мезгилде болбогону байкалат. Алгач, көпүрөнүн чети, андан кийин анын ортосу жарылган. Бүтүндөй кыйратуу процесси он секундду гана түзгөн.

Жарылуунун үнү чыккандан кийин асманга коюу чаң көтрүлүп, көпүрөнүн ортосу толугу менен суунун астына чөгүп, жээктеги бөлүктөрү бир калыпта кулап калганы байкалды.

Бул жерден алыс эмес жерге жаңы заманбап көпүрө курулган. Мурункуга караганда узунураак болуп, транспортко көбүрөөк жол тилкелери бар.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-sekunda-ichinde-ukmushtuudaj-zharyluu-menen-eski-kpr-talkalandy-video



Добавить комментарий