Кытайда паника башталды

3 ноября 2021 10:13 2691 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын соода министрлиги дүйшөмбү күнү кечинде атайын директива чыгарып, элге биринчи зарылдыктагы предметтерди сатып алууну сунуштады. Бул тууралуу Кытайдагы Би-би-си булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Бул билдирүү Covid оорусунун күч алышы жана жамгырдын көп жаашы менен байланыштуу жарыяланды.

Ошондой эле социалдык тармактарда аталган сунуш Тайвань менен чыңалып жаткан мамилелерден улам келип чыгышы мүмкүн деген кептер тарап, калк паникага түшүп жатат.

Буга байланыштуу Коммунисттик партияга караштуу Economic Daily гезити аталган тапшырма райондор изоляцияда кала турган болсо зарыл экенин эскерткен макала жазып, ар түрдүү айың кептерге жооп кылды.

Кытайда октябрь айынын башында болгон табият кырсыктары Шаньдун провинциясында түшүмдү жок кылган.

Коронавирус таралып жатат. Бул фондо биринчи болуп бадыраң, шпинат жана брокколинин баасы эки эсеге кымбаттады.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-panika-bashtaldy



Добавить комментарий