Кытайда пандемияда миллиардерлердин саны көбөйүп, дүйнө жүзүн артта калтырды

5 марта 2021 14:17 8414 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытай акыркы бир жыл аралыгында миллиардерлеринин санынын көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу  Unilad сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытайда 2020-жылы 259 адам миллиардер болду. Бул өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча миллиардер болгон 414 адамдын жарымынан көбүн билдирет.

Дүйнө жүзү боюнча миллиардерлердин жалпы саны өткөн жылга салыштырмалуу 51ге көбөйүп, 231ге жеткени айтылат. Бул сандын үчтөн экисинен көбү кытай аялдары.

Ошентип, Кытай байлыгы миллиард доллардан ашкан дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Кытайда 1058 миллиардер бар, деп айтылат маалыматта.  АКШ, Индия жана Германия бириккенден да  көп.

Дүйнөлүк экономикага саресеп салган адистердин айтымында, коронавирус пандемиясына карабастан, 2020-жылы акыркы он жылдагы байлыктын эң чоң өсүшү байкалганын айтты.

Бирок, жаңы миллиардерлердин Кытайдан чыгып жаткандыгына карабастан, дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын тизмесинде АКШлык миллиардерлер басымдуулук кылат. Дүйнөнүн эң бай адамдарынын ондугунун катарындагы жалгыз кытайлык миллиардер Чжун Шаншань. Анын байлыгы 85 миллиард долларга бааланган.

Шаншань бөтөлкөдөгү суу жана вакцина чыгарган компаниялардын ээси. Ал Индиянын эң бай ишкери Мукеш Амбани менен  Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Джек Мааны басып өттү.

Чжун Шаншань эки компаниясынын - бөтөлкөдөгү суусундуктарды чыгарган Nongfu компаниясы жана гепатитке каршы вакцина жана COVID-19 тесттерин чыгаруучу Beijing Wantai Biological Pharmacy Enterprise компаниясынан түшкөн кирешелер дүйнөнүн эң бай адамдарынын ондугунун катарына киришине себеп болду.

Сентябрь айынын башында Nongfu Spring Гонконг фондулук биржасында IPO өткөрүп, Кытайдын эң бай компанияларынын үчүнө кирди. Фирманын акциялары Шанхайда катталгандан бери 14 эседен ашык көтөрүлдү. Шаншан Кытай ишкерлер чөйрөсүндө жалгыз карышкыр катары белгилүү, анткени ал саясатка кийлигишпейт жана ири бизнес ассоциацияларга да кирбейт.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-pandemiyanyn-shartynda-milliarderlerdin-sany-kbjp-djn-zhzn-artta-kaltyrdy



Добавить комментарий