Кытайда коронавируска каршы вакцина маймылдарга жүргүзүлгөн сыноодон ийгиликтүү өттү
Чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторинги боюнча Нур-Султандын бейтапканалары 23-июндан тарта пландалган кабыл алууларды жана бейтаптарды кароону убактылуу токтотту. Балдарды жана чоңдорду профилактикалык кароо, скрининг, пландалган стоматологиялык кызматтар, реабилитациялоо кызматтары, саламаттык мектептери, медициналык-соцколдоо, меддокументтерди тариздөө, күндүзгү стационардын иши, күнү-түнү иштеген жана күндүзгү стационарларга пландык госпитализациялоого жолдомо алуу токтотулду.
Ташкентте 71 махалледе эпидемиологиялык коркунучтун “кызыл” деңгээли жарыяланды. Бул райондорго кирүү жана чыгуу орнотулган стационардык посттор тарабынан чектелүүдө, анда ШИИБ, Улуттук гвардиянын жана санэпид көзөмөл кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турат.
АКШ Президенти Дональд Трамп жумуш визалары менен чет элдик жарандарга кирүүгө тыюуну 2020-жылдын соңуна чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин чечими ири коммерциялык корпорациялардын катуу сын-пикирине кабылды, анткени IT тармагындагы ири компаниялардын көбү чет элдик эмгек мигранттарынан тикелей көз каранды.
Кытай изилдөөчүлөрү иштеп чыгып жаткан COVID-19га каршы потенциалдык вакцина маймылдарга жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжасында олуттуу жыйынтыктарды көрсөттү, ал антителолорду чакырып, коопсуздук боюнча көйгөй жаратпайт. Учурда миңден ашык адамдын катышуусунда сыноолордун жаңы этабы жүрүүдө.
Бергамо түндүк италиялык провинциясында коронавируска тестирлөөдөн өткөн тургундардын жарымынан көбүндө коронавирустун антителосу бар. Саламаттык сактоо кызматтары 23-апрелден 3-июнга чейин 9 965 адам тестирлөөдөн өтүшкөнүн, алардын 57% вирус менен байланышта болгондордон чыккандыгын күбөлөндүрүүчү антителолор бар экенин билдиришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-koronaviruska-karshy-vakcina-majmyldarga-zhrgzlgn-synoodon-ijgilikt-tt
Добавить комментарий ×