Кытайда киши бою менен тең кар жаап, катуу суук башталды (видео)

11 ноября 2021 21:35 5587 Barometr
Поделиться в:
ok

Кардуу бороондор Кытайдын түштүк-чыгышына акыркы күндөрү чоң зыян алып келди. Рекорддук көлөмдөгү кардын жааганын жана аба ырайы кескин суук болуп жатканын аталган өлкөнүн басылмаларына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Ляонин провинциясындагы жол кыймылы кардан улам токтоп, жол кире үчүн акча ала турган станциялар кийинки аптанын экинчи күнүнө чейин жабылды. Жүргүнчү станциялары дагы ишин токтотту.

Суук агым башталгандан бери Кытайдын түндүк-чыгышында абанын температурасы айрым райондордо минус 14 градуска чейин төмөндөп кетти.

Кардан жабыркаган Шэньян шаарында бийлик азык-түлүк дүкөндөрүндө бааны арзандатууга чакырык таштады.   

Мындай суук аба ырайы Кытайда жекшембиден тартып башталды. Кыштын 23 күнгө эрте түшкөнүн белгилешүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-kishi-boyu-menen-te-kar-zhaap-katuu-suuk-bashtaldy-video



Добавить комментарий