Кытайда дүйнөдө биринчи болуп робот-аял жаңылыктарды алып барат
Поделиться в:
Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги анын жаңылыктар командасы жаңы алып баруучу менен толукталганын кабарлады.
Жаңы алып баруучу Синь Сяомэн жасалма интеллекти бар реалдуу система болуп саналат жана ал дүйнөдөгү алгачкы робот алып баруучу болуп калмакчы.
Синь Кытайдын мыйзам чыгаруу жана саясий органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлө турган “Эки сессия” деп аталган программада алгачкы дебютун өткөрмөкчү.
Буга чейин да тактап айтканда 2018-жылдын ноябрь айында «Синьхуа» жасалма интеллектеги эки эркекти тааныштырган. Бул роботтор 24 саат тынбай иштегенге жөндөмдүү.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-djnd-birinchi-bolup-robot-ayal-zhaylyktardy-alyp-barat
Добавить комментарий ×