Кытайда болгон дрон-шоу Гиннесстин рекорддор китебине кирди

21 декабря 2020 09:20 2318 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын түндүгүндөгү порттук Тяньцзин шаарында болгон учкучсуз аба жарыгынын шоусу эң узак анимация боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу “Рейтер” агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Шоу 26 мүнөт 19 секундга созулуп, ага бир эле учурда 600 дрон катышкан.

Маалыматка ылайык, шоунун премьерасы Тяньцзин университетинде түнкү саат экилерде болгон. Анда голландиялык пост-импрессионист сүрөтчү Винсент Ван Гогдун өмүр баяны чагылдырылган. Голландиялык сүрөтчүнүн эмгеги 20-кылымдын живописине түбөлүк таасирин тийгизгендигин белгилей кетүү керек. Он жылдан бир аз ашык убакыттын ичинде ал 2 100дөн ашуун эмгек, анын ичинде 860ка жакын өзгөчө картиналарды жараткан.

Ал ортодо Эквадордо дүйнөдөгү эң улуу үй-бүлөлүү жубайлары табылып, алар Гиннестин рекордун жаңыртышты.


Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-bolgon-dron-shou-ginnesstin-rekorddor-kitebine-kirdi



Добавить комментарий