Кытайда биринчи жолу ит-мышыкты жегенге тыюу салынды

3 апреля 2020 11:35 1907 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын бийлиги иттин жана мышыктын этин жегенге тыюу салды.

BBC News телеканалынын маалыматы боюнча континенталдык Кытайдын айамгында биринчи жолу салынып жаткан тыюу 1-майдан тарта күчүнө кирет. Мындай чечим коронавирус пандемиясынан улам кабыл алынган. Окумуштуулардын айтымынжа, SARS-COV-2 вирусу дал ушул жапайы жаныбарлардын жана жарканаттарды жегенден улам жуккан.

Жергиликтүү басылмалардын жазышынча, ит-мышыктын этин жегенге тыюу салынганы менен Кытайда аталган жаныбарлардын этин өтө сейрек жешет.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-birinchi-zholu-it-myshykty-zhegenge-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий