Кытайда бетке сүйкөгөн кремдин айынан кичинекей ымыркай оор абалда ооруканага түштү

18 января 2021 15:44 3676 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда кичинекей наристенин бетин нымдаштыруучу крем колдонгондон кийин ымыркайдын беттери шишип, болуп көрбөгөндөй темп менен чачы өсө баштаган. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Наристе жаңы төрөлгөн күндөн баштап эле бети кургап, андан жабыркап келген. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн жаш ата-эне балдар үчүн сунушталган нымдаштыруучу крем колдонууну туура көрүшкөн. Кремди бир нече күн колдонгондон кийин баланын беттери шишип, чачтары бат-баттан өсө баштаган. 

Жаш баланын денесиндеги өзгөрүүлөрдөн чочулаган ата-эне дарыгерлерге кайрылышкан. Дарыгерлер да буга эмне себеп болушу мүмкүн экенин түшүнө албай, бир нече ирээт анализдерди жасап да диагнозун койо албай коюшкан. Алар эненин сүтүн да текшерип көрүп, баары жакшы экенине ынанышкан.

Бир айдан кийин гана баланын абалы начарлаганда, ал ооруканага түшкөн. Ошол мезгилде ооруканада өтө окшош белгилери бар балдар болгон. Бардык бейтаптардын анамнезин деталдуу изилдегенден кийин гана адистер бир жалпы нерсени байкады: алардын бардыгы кытайлык антибактериалдуу Yifulin кремин колдонушкан.

Кремдин курамында клобетазол пропионат бар. Дал ушул активдүү зат кремди узак мөөнөткө колдонгондон улам организмдин мындай реакциясын пайда кылган. Дарыгерлер ата-энелерге кремди колдонуудан баш тартууну айтты. Көп өтпөй жабыркаган ымыркайлардын абалы калыбына келген. Ал эми, Саламаттыкты сактоо министрлиги күнөөлүү компанияны тергөө бүткөнчө продукцияны жүгүртүүдөн алып салууга аргасыз кылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, балдарга сунуш кылынган доза жол берилген нормадан бир топ ашып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-betke-sjkgn-kremdin-ajynan-kichinekej-ymyrkaj-oor-abalda-oorukanaga-tsht



Добавить комментарий