Кытайда аял өпкөсүндөгү калемсаптын түтүкчөсү менен 40 жыл жашаган

17 августа 2018 00:30 1134 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда адистер 49 жаштагы аялдын өпкөсүңдөгү калемсаптын түтүкчөсүн алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.  

Маалымдалгандай, Кытай тургуну 49 жаштагы аял мындан 40 жыл мурун тактап айтканда 9 жашында ойноп жатып, капысынан калемсаптын түтүкчөсүн жутуп алган. Ошол замат ал ооруканага кайралган. Бирок, дарыгерлер калемсаптын түтүкчөсүн табигый жол менен чыга тургандыгын айтышкан.  Анткен менен арадан кырк жыл өтсө дагы  түтүкчө өпкөдө кала берген.  Аял бир канча күн мурда ичи катуу оорутуп жатканын айтып дарыгерлерге кайрылган. Адистер компьютердик томографиянын жардамы менен өпкөдөгү калемсаптын түтүкчөсүн көрүшкөн. Андан соң жеңил операция жолу менен түтүкчөнү алып салышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-ayal-pksndg-kalemsaptyn-ttkchs-menen-40-zhyl-zhashagan



Добавить комментарий