Кытайда алгач ирет экинчи жана үчүнчү балага жөлөк пул берүү башталды
Кытайда экинчи жана үчүнчү балага жөлөк пул бере башташты. Бул тууралуу Xinhua булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Жөлөк пул берүү Кытайдын Паньчжихуа шаарында ишке ашты. Бул жердин жергиликтүү тургундарынын 2021-жылдын 12-июнунан кийин төрөлгөн экинчи жана үчүнчү балдарына айына 500 юандан акча берилмекчи. Аталган каражат бала үч жашка чыкканча төлөнөт.
Ошондой эле аталган шаарда кош бойлууларды бекер дарылоого мүмкүндүк беришти.
Акыркы бир нече жылда Кытай “Бир бала-бир үй-бүлө” саясатынан акырындык менен баш тартууда. 2021-жылдын май айында Кытай үй-бүлөлөргө расмий түрдө үч балалуу болууга уруксат берген.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-algach-iret-ekinchi-zhana-chnch-balaga-zhlk-pul-ber-bashtaldy
Добавить комментарий ×