Кытайда 228млн жаштагы "тумшуктуу" таш баканын калдыгын табышты
Кытайда байыркы таш баканын сөөк калдыгын табышты. Бул тууралуу УНН маалымат агенттиги Синьхуа шилтемеси менен жазып чыкты. Табылган жандыктын узундугу эки метрге жетип, тумшугу бар экендиги айтылууда. Окумуштуулардын айтымында, мындай таш бакалар байыркы жаныбарлардан болуп саналат жана таш баканын жашы болжол менен 228 миллион жылды түзөт. Табылган сөөктүн түзүлүшүнө караганда жаныбар жерде да, сууда да жашап, тумшугу менен жер казган дейт Кытайдын палеонтология илимдер Академиясынын изилдөөчүсү Ли Чунь.
Окумуштуулардын пикиринде, мындай маанилүү ачылыш таш бакалар эволюциясында "Алгачкы тумшуктуу таш бака" ачылышын жасады.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-228mln-zhashtagy-tumshuktuu-tash-bakanyn-kaldygyn-tabyshty
Добавить комментарий ×