Кытай өзүндө бейтаптар аз болгондуктан коронавируска каршы вакцинаны башка өлкөдө сынайт

2 апреля 2020 18:23 1317 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытай окумуштуулары өлкө ичинде коронавирус жуккандардын саны кескин азайгандыктан ага каршы вакциналарды башка мамлекеттерде сыноого ниеттенүүдө.

South China Morning Post басылмасынын жазышынча, алгачкы сыноолор 16-мартта Ухань шаарында өткөн. Вакцина 108 ыктыярчыга сайылган. Экинчи этапта сыноолорду жүргүзүү үчүн кеминде ооруга чалдыккан миңдеген киши керек болгон. Андыктан Кытайдын адистери изилдөөлөр коронавирус тездик менен жайылып жаткан мамлекеттерде өтүшү ыктымалдыгын айтышууда.

Ошол эле маалда, кытайлык адистер АКШ мындай сунушка көнбөй турганын билдиришип, изилдөө Германияда, же Улуу Британияда уланышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Кытайдагы белгилүү вирусолог Чэнь Лин эгер вакцина 10 миң кишиге сыналып, анын 100нө гана оң таасир берсе, анда вакцина натыйжалуу болду деп айтууга болбой турганын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-znd-bejtaptar-az-bolgonduktan-koronaviruska-karshy-vakcinany-bashka-lklrd-synajt



Добавить комментарий