Кытай суу астындагы эң узун автоунаа туннелин салып, дүйнөнү таң калтырды

30 марта 2021 15:02 3145 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда 2021-жылдын аягына чейин суу алдындагы эң узун автоунаа туннелин жол кыймылы үчүн ачуу пландаштырылууда. Бул тууралуу "Синьхуа" маалымат агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Узундугу 10,8 чакырым жана туурасы 43,6 метр болгон туннель Кытайдын чыгышындагы Тайху көлүнүн алдында курулуп жатат. Ал өлкөдө көлөмү боюнча үчүнчү ири көл деп эсептелген суу астына салынып жатат. Бул жалпы узундугу дээрлик 44 чакырымды түзгөн Чанчжоу-Уси автожолунун уландысы болот.

Долбоорду ишке ашырган Кытайдын Third Harbor Engineering компаниясы суу алдындагы туннелдин курулушу 2018-жылдын январь айында башталгандыгын билдирди. Азыр туннелде фундаменталдык плиталардын курулушу аяктады.

Быйыл туннелге бетон куюп, инфраструктуралык объектилерди куруу процессинен өтөт деп күтүлүүдө.

Буга чейин, Гонконгдо 6 миллиард долларлык суу алдындагы туннель ачылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-suu-astyndagy-e-uzun-avtounaa-tonnelin-salyp-djnn-ta-kaltyrdy



Добавить комментарий