Кытай окумуштуулары коронавирус кайдан тарашы ыктымалдыгын маалымдады
Кытайда коронавирустан каза болгондор 106га жетти. Ал эми оору 4 515 кишиге жукканын Кытайдын Саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Буга чейин оорудан 80 киши каза болуп, 2744 кишиге жукканы маалымдалган болчу.
Бир суткада 1771 кишиге жукканы аныкталып, 26 киши о дүйнө салышкан. Ал ортодо ооруга чалдыккандар Гонконгдо сегиз, Макаода жети, Тайванда бешке жетти.
Маалыматтарга ылайык, вирустан каза болгон 106 кишинин 100ү Хубэй провинциясында болгон. Дал ушул жерде вирус чыгып, жайыла баштаган.
Кытай бийлигинин берген маалыматы боюнча 976 кишинин абалы оор, ал эми 60 киши жакшы болуп, ооруканадан чыккан.
Былтыр декабрь айынын аягында Кытай бийлиги пневмания дартын козгогон жаңы оору тездик менен жайылып жатканын кабарлаган. Ал Хубэй провинциясынын Ухань шаарында чыккан. Эксперттердин маалыматы боюнча ооруну nCoV аталышындагы коронавирус козгойт. Ал кишиден кишиге жугат.
Кытайдын улуттук борборунун окумуштуулары жаңы вирус Ухань шаарынын Хуанань дүң базарынан тарашы ыктымал деген бүтүмгө келишкен.
Коронавирус жукканда адамдын дене табы көтөрүлөт, жөтөлөт, дем алуусу кыйындап, денени калтырак басат.
Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-okumushtuular-koronavirus-kajdan-tarashy-yktymaldygyn-maalymdashty
Добавить комментарий ×