Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 2 млрд долларды түздү
2021-жылдын 1 жарым жылдыгында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2 млрд долларды түздү. Бул тууралуу маалымат Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын сайтында жарыяланганын “Барометр” билдирет.
Кытайдын бажычылары берген маалыматка таянсак, аталган өлкөдөн Кыргызстанга 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында 2 млрд 16 млн долларга товар импорттолгон, ал эми Кытайга экспорттун көлөмү 20,5 млн. долларды түзгөн.
Кытайды Башкы бажы кызматынын интерактивдүү таблицасына ылайык, 1-жарым жылдыкта айларга карата товар жүгүртүү көлөмү төмөнкүдөй болду:
-Январь айында Кытайдан импорт 133,75 млн доллар, экспорт-716,1 миң доллар.
-Февраль айында Кытайдан импорт 89,87 млн доллар, экспорт-1,45 млн доллар.
-Март айында Кытайдан импорт 204,8 млн доллар, экспорт-7,93 млн доллар
-Апрелде Кытайдан импорт 321,04 млн, экспорт-1,44 млн доллар
-Май айында Кытайдан импорт 528,36 млн, экспорт-4,15 млн доллар
-Июнь айында Кытайдан импорт 738,37 млн, экспорт-4,81 млн долларды түздү.
Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-menen-kyrgyzstandyn-tovar-zhgrts-2-mlrd-dollardy-tzd
Добавить комментарий ×