Кытай: марафондон 21 спортчу тоңуп каза болду
Кытайда марафон учурунда аба ырайы бузулуп, 21 спортсмен каза болду. Бул тууралуу РИА Новостиге шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Ганьсу провинциясында 100 чакырымды спортчулар бийик тоо кыркалары аркылуу чуркап өтүшү керек болчу. А бирок, катышуучулар 20-30 чакырым жүргөндөн кийин күн бүркөлүп, шамал башталып, мөндүр жаап ийген. Сууктан улам жүгүрүп бараткандар үшүп башташкан.
Жарышка жалпысынан 172 адам катышкан. 23-майда издөө иштеринин жыйынтыгында марафондун 151 катышуучусу куткарылган. Ал эми 21 адам сууктан тоңуп өлгөн. Жеңил кийинген спортчулардын кээ бирлери аба нөл градуска чейин муздаганда тоңуп калышкан”, - деп айтылат маалыматта.
"Жарыш башталганга чейин денемди жибитиш үчүн эки чакырым чуркап, бирок такыр ысый албай койгом. Ошондо эле шек санай баштагам. Чуркап бара жатканда манжаларымды, тилимди сезбей калдым", — деди катышуучулардын бири.
Эске сала кетсек, Байинь шаарынын мэри Чжан Сюйчэнь элден кечирим сурап, каргашалуу окуянын себебин аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-marafondon-21-sportchu-kaza-boldu
Добавить комментарий ×