Маймылга "таланган" Роза Шакирова. Учурда жылуу жактарда кайсы ырчылар эс алып жүрөт?

1 февраль 2020 21:28 2034 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда ызгаардан улам көптөрү сыртка чыккысы келбей жаткан учурда айрым ырчылар ысык мамлекеттерде купальник кийип эс алып жүргөн учуру. Бул ирет учурда чет мамлекетте чер ачып, бир жагынан жан дүйнөсүн эс алдырып жүргөн ырчылардын айрымдарын топтодук.

Таиландды түрө кыдырган Роза Шакиров

Эстрада ырчысы Роза Шакирова ушул тапта үй-бүлөсү менен чогуу Таиландда эс алып жүргөн учуру. Бишкектен Таиландга түз аба каттамы жок болгондуктан алар Алматы шаарынан учуп кетишкен. Шакирова эс алуу учурундагы айрым көрүнүштөрдү социалдык баракчасына чыгарууда. Андан сырткары ырчы Таиланддын аралдарын кыдырып, бир аралда аларга маймылдар "кол салганын" жазды. Атап айтканда, маймылдар келген кишилердин үстүнө чыгып, колундагы буюмдарын тартып аларын жазган.

Египетте түндө бассейнге түшкөн Айнура Салахиддинова

Дагы бир ырчы Айнура Салахиддинова Египетте эс алып жүрөт. Социалдык тармакка жазганы боюнча чыгармачылык топ менен өзүнчө эргүү алып жүрөт. Эки иштен бир иш деген ырчы Египетке жөн гана келип кетип калбайын деп “Аяп сүйгөм” деген ырына клип дагы тартып жатат.

Ырчы андан сырткары Египетте түндө дагы бассейин жыпжылуу болорун айтып, сууга түшүп жаткан видеосун жарыялады.

Бишкектин карын Дубайдын ысык абасына алмаштырган Данияр Эрматов

Ырчы Данияр Эрматов ушул тапта Дубайдын ысыгына кактанып, “жылынып” жүргөн учуру. Ал лапылдап кар жааган Бишкекти аптаптуу Дубайга кантип келип калганын баяндаган кыска видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Эрматов жубайы экөөнү туугандары менен ата-энеси күтүлбөгөн жерден Дубайга жолдомо беришкенин айтып кубанды.

“Кудайдын буйругу менен жубайым экообуз Дубайга жакшы келип алдык) Ата-энем жана бир туугарндарым,кутулбогон жерден бизге путёвка белек кылышып бизди кубантышты. Сиздерге чоон рахмат. Баарыныздарга насип кылсын”, — деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kyshtyn-kyraan-childesinde-ysyk-zhakta-es-algan-yrchylar-alar-kimder



Добавить комментарий