Кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы Ак-Түз тоо лыжа базасы ачылат

20 декабря 2018 17:54 1245 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Быйыл Кыргызстанда кар кеч түшкөндүгүнө байланыштуу лыжа тебүү кеч башталды. Бул кышкы туризм менен алектенген ишкерлерге кыйла ыңгайсыздык жаратты. Бирок тоо боорунда спорт менен алектенип эс алууга акыркы жылдары чет элдик туристер гана эмес жергиликтүүлөр да көбүрөөк кызыгууда.

Жакын арада жылгаяк тебүүнү каалагандар үчүн дагы бир лыжа базасы ачылат. Чоң-Кемин тараптагы Ак-Түз тоо лыжа базасы ачылаарын Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу Barometr.kg сайтына билдирди:

“Быйылкы кышкы эс алуу сезону кардын кеч жааганына байланыштуу кечирээк башталды. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 20дан ашык тоо лыжа  базасы бар. Анын 17си  бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат. Булардын санын көбөйтүүгө биздин да пландарыбыз бар. Ал эми Ак-Түз лыжа базасы болсо жаңы жабдуулар менен жабдылган. Ошондуктан кышкы туризмди өнүктүрүүгө салым кошо алат десек туура болот” – деди директор.

Ссылка: https://barometr.kg/kyshky-turizimdi-nktr-chn-zhay-ak-tz-too-lyzha-baazasy-achylat



Добавить комментарий