Кыш мезгилиндеги эң маанилүү витаминдер кайсылар? Адистин кеңеши

2 декабря 2022 09:15 1938 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусиялык диетолог Марина Макиша кыш мезгилинде организмге кандай витаминдер керек экендигин айтып берди. Бул тууралуу анын “Звезда” телеканалына берген маегине шилтеме берип “Барометр”  билдирет.

Дарыгер тоңдурулган же жаңы жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер витаминдердин жана антиоксиданттардын негизги булагы экендигин, иммундук системаны чыңдап, вирустук оорулар учурунда организмдин туруктуулугун жогорулатат деп түшүндүрдү. Ошондой эле, ал аларды капуста сыяктуу сезондук азыктар менен алмаштырса болорун белгиледи. Бул закуска жогорку С витаминине жана ичегиге ыңгайлуу бактерияларга бай.

Эксперт D витамининин маанилүүлүгүн эскертип, кыш мезгилинде организмге аталган витаминдин жетишпей тургандыгын айтты. Бул уйкунун бузулушуна жана депрессияга алып келиши мүмкүн. Бул учурда нерв системасына "классикалык кошумча" - В6 витамини менен айкалышкан магний керек болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, диетолог кышында эт, балык, жумуртка жана сүт сыяктуу белоктуу тамактарды диетага кошууну сунуштады, анткени белоктун жетишсиздиги иммунитеттин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kysh-mezgilindegi-e-maanil-vitaminder-kajsylar-adistin-keeshi



Добавить комментарий