«Кыргызтелеком» «КТ Мобайл» уюлдук операторун ишке киргизүүгө даяр

31 мая 2019 10:54 1494 Barometr
Поделиться в:
ok

«Кыргызтелеком» ААКнын жамааты Жогорку Кеңештин депутаттарына жана коомчулукка ачык кайрылуу таратты.

"Биз, «Кыргызтелеком» ААКнын жамааты, биздин туунду компания болгон «КТ Мобайл» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнүн тегерегинде болуп жаткан кырдаал боюнча өзгөчө көңүл бөлүү менен байкоо жүргүзүп жатабыз. Байкоолордо ачыкталгандай, бул чарбалык маселе айрым бир адамдардын аракети менен саясий мүнөзгө ээ болду, андыктан биз бул компаниянын моюнундагы ролду жана тапшырмаларды туура түшүнүүгө депутаттарды жана коомчулукту чакыруу зарыл деп таптык»,-делет кайрылууда.

Белгилүү болгондой, «КТ Мобайл» ЖЧКсы 2003-жылдын 7-мартында эле КР Юстиция министрлиги тарабынан катталган (күбөлүк № 19450-3301-3ООО).

Кайрылууда айтылгандай, ошол кезден бери долбоор ишке ашпай келген. Ал тургай компанияны өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолун издебей туруп, 2012-2013-жылдары өкмөт тарабынан «Кыргызтелеком» ишканасынын өзүн жеке жактарга сатуу аракети болгон.

«2018-жылы гана өкмөт «КТ Мобайл» ЖЧКнын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу жолу аркылуу «Кыргызтелеком» ААКнын ишин күчтөндүрүү чараларын көрүп баштады.

Тыкыр иликтөөлөрдөн соң «КТ Мобайл» ЖЧКсы менен «Альфа Телеком» ЖАК ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн. 2019-жылдын 14-февралында «КТ Мобайл» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү кеңейтилип (лицензии № 18-0325-КР», телематикалык кызматтарды, жергиликтүү шаарлар аралык жана эл аралык телефондук байланыштар кызматын көрсөтүү белгиленген.

2019-жылдын 13-мартында SALAM товардык белгисин каттоого арыз берилген. «КТ Мобайл» ЖЧКсы азыркы мезгилде уюлдук байланыш тармагы үчүн ОКС № 7 (ISP NSPC) эл аралык жана улуттук сигналдаштыруу пунктарынын кодун алды. Бүгүнкү күндө SALAM (соода маркасы) брендинин жана маркетингинин концепциясы түзүлүп, сатуу иштерин баштоого жана кардарларды тейлөөгө карата компаниянын даярдыгы камсыздалды жана тарифтик пландар даярдалды»,-деп белгиленет кайрылууда.

 Эске салсак, "КТ Мобайл" компаниясынын ишин иликтеген депутататтык комиссия бүгүн, 31-майда жыйынга чогулат. Парламенттин басма сөз кызматынан алынган маалымат боюнча, жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кызыкдар тараптар чакырылган.

Майдын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyztelekom-kt-mobajl-uyulduk-operatorun-ishke-kirgizg-dayar



Добавить комментарий