Кыргызстанга Өзбекстандан жылына 100 тонна жер семирткич ташылып келет

1 августа 2019 15:37 2384 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба тармагындагы 3 документке кол коюу пландалууда.

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, биринчи документ өсүмдүктөр карантини боюнча болмокчу. Анда айыл чарба өнүмдөрүн, анын ичинде өсүмдүкдөрдү импорттоо жана экспорттоо боюнча шарттары көрсөтүлөт.

“Экинчи документте Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди ташууга байланыштуу болот. Бул маселени буга чейин материалдык резервдер Фонду көзөмөлдөп келсе, бүгүнкү күндөн тарта аны айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өз көзөмөлүнө алып, квоталарды бөлүштүрүп, жер семирткичтерди аймактарга бөлүштүрөт. Менчик компаниялар да жер семирткичтерди мурдакыдай эле Өзбекстандан ташый беришет. Негизинен алар аммиак селитрасын, карбомид жана афомос каражаттарын ташышат. Өзбекстандан жылына 100 тонна жер семирткич алынат”, - дейт министр Чодуев.

Ал кошумчалагандай, үчүнчү документ эки өлкөнүн айыл чарба министрлигинин ортосунда жол картасына кол коюлат.

“Бул документ айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты камтыйт. Экспорт жана импорт, ошондой эле лизинг маселелери каралат”, - дейт министр.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-zbekstandan-zhylyna-100-tonna-zher-semirtkich-tashlyp-kelet



Добавить комментарий