Кыргызстанга ташылган дарбыз, коондор коркунучтуу экенин эскертишти

25 июня 2019 15:36 1371 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук агенттиги Өзбекстан менен Тажикстандан ташылган дарбыз-коондорго көзөмөлдөөнү күчөтүүнү өтүндү.Бул тууралуу инспекциянын башчысы Калыс Жумаканов Айыл чарба министрлигине жазган катта айтылат.

Аталган маалыматка таянсак,базарда сатылып жаткан, тыштан ташылып келинген дарбыз менен коондордогу нитраттардын өлчөмү жогору экени белгилүү болду.Бул адамдардын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу.

Бир аз мурда Ош областындагы базарлардан коңшу өлкөдөн өстүрүлүп келинген дарбыз, коондорду текшерген кезде алардын курамындагы нитрат белгиленген өлчөмдөн 15 эсе жогору экени аныкталды.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-tashylgan-darbyz-koondor-korkunuchtuu-ekenin-eskertishti



Добавить комментарий