Кыргызстанга салым кошкон чет элдик жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланат

19 сентября 2019 09:55 1036 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 19-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлыктарды тапшыруу аземине алардын балдары катышат.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш жана башка тармактын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат. Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-salym-koshkon-chet-eldik-zharandar-mamlekettik-syjlyktar-menen-syjlanat



Добавить комментарий