Ошко Санкт-Петербургдан 184 кыргыз жараны учуп келди
Ошко Санкт-Петербургдан 184 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
“Ош” эл аралык аэропорту кечээ, 9-июлда «Ураль авиалиния» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды.
Кыргызстанга Россиядан 184 кыргыз жараны кайтып келди.
Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргызстандыктардын өз ара ыкчам штабында Санкт-Петербург шаарында жашашкан, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттеринен, кыргыз студенттеринин бирикмелеринен, КМШ ПАА дагы КРнын өкүлдөрүнөн, РФдагы Элчиликтин кеңсесинин жана Санкт-Петербург шаарындагы КРнын Ардактуу консулдугунун кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.
“Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген», - деп айтылат маалыматта.
Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер уланууда.
Добавить комментарий ×