Кыргызстанга Москва шаарынан 15 ыктыярдуу дарыгерлер келишти
Бүгүн, 19 июлда, Кыргызстанга Москва шаарынан 15 ыктыярдуу дарыгерлердин тобу келип, аларды Исмаил Матраимов фондунун кызматкерлерли аэропорттон күтүп алышты. Бул тууралуу депутат Искендер Матраимов билдирди.
"Вирус менен күрөшүүдө кошумча күчтүн келгени, жардам күтүп жаткан бейтаптарга үмүт берет деген ишеничтемин.
Алардын чыгымы, эмгек акысы биздин фонд тарабынан каржыланып, Ош шаарындагы ачылган “Андрос Ош” убактылуу стационарында жана башка ооруканаларда кызмат көрсөтүшөт. Мындан тышкары мобилдик топ алыскы аймактарга чыгып, портативдик рентгендин жардамы менен элдин саламаттыгын текшерип, кеӊештерди беришет", - деп жазды депутат социалдык тармактагы баракчасына.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-moskva-shaarynan-15-yktyyarduu-darygerler-keldi
Добавить комментарий ×