Кыргызстанга Кореядан газ менен жүрүүчү автобустар алынып келинет

30 марта 2021 17:08 1404 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарына Кореядан жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды алып келүү пландаштырылып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Азамат Сагындык уулу “Марал” радиосундагы түз эфир учурунда билдирди.

“Биз инвестициянын негизинде автобустарды алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кече эле Кореянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду. Буюрса, быйыл Кореядан автобустар келет.

Эң негизги талап, алынып келине турган автобустар газ менен жүрүшү керек экенин айттык. Себеби, кышында өзүңүздөр билгендей, абанын булганышы тууралуу чоң көйгөйлөр болду.

Ошону менен катары эле, биз алынып келине турган автобустарга газ толтуруучу пунктарды дайындап беришибиз керек экен. Учурда эки газ толтуруучу пунк коюуну пландап жатабыз. Бирөөсү автобустар токтогон базага коюулса, экинчиси Кустанай көчөсүнө коюулат”, - деди Азамат Сагындык уулу.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-koreyadan-gaz-menen-zhrch-avtobustar-alynyp-kelinet



Добавить комментарий