Кыргызстанга Кореядан 123 мекендешибиз менен кошо гуманитардык жардам келди
Поделиться в:
2-сентябрда "Манас" эл аралык аэропорту Сеул-Бишкек каттамы боюнча «T-way» авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, Кыргызстанга Корея Республикасынан 123 КР жараны учуп келгени айтылды. Бул каттам менен кошо Түштүк Кореянын уюмдары тарабынан COVID-19га каршы күрөшүү боюнча жардамдын алкагында, медициналык беткаптардан жана контактсыз термометрлерден турган гуманитардык жүк жеткирилди.
Добавить комментарий ×