Кыргызстанга келүүнү каалаган чет элдиктер үчүн кирүү тартиби оңойлотулду

20 августа 2020 17:45 4952 Barometr
Поделиться в:
ok

Карантин убагында Кыргызстанга чет элдик жарандардын кирүүсү убактылуу токтотулган. Эми чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жоктордун кирүү шарттары жеңилдетилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдиктер. Аларда окуган мекемесинен тастыктаган маалымкат болушу шарт.

КРде туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар (документ менен ырасталган шартта),

 Жакын туугандарынын аза күтүү зыйнатына келгендер (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу документ менен) киргизилет.

Мындан тышкары маал-маалы менен чет мамлекеттердин жарандарын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу да чечим кабыл алынды. Ага ылайык, чет элдиктер эпидемиологиялык абалга жараша Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тизме менен өлкөдөн чыга алышат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүн 2020-жылдын 17-мартындагы токтомунун негизинде Кыргызстан башка мамлекеттер менен чек араларын жаап, авиакаттам, автотранспорт жана темир жол каттамдары токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-keln-kaalagan-chet-eldikter-chn-kir-tartibi-oojlotuldu



Добавить комментарий