Кыргызстанга гуманитардык жардам катары вакцина ташуу үчүн унаалар келди

26 апреля 2021 16:00 625 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга гуманитардык жардам катары вакцина ташуу үчүн 8 авторефрижератор унаалары келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бүгүн, 26-апрелде Кыргызстанга өлкөгө гуманитардык жардам катары келген вакцина препараттарын ташуу үчүн 8 авторефрижератор жеткирилди. 

Бул транспорттук каражаттар Вакцина жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык Альянс (ВИГА) тарабынан берилип жана ЮНИСЕФтин камсыздоо бөлүмү аркылуу ЮНИСЕФтин ченемдик документтерине ылайык сатылып алынган.

Бөлүштүрүү планына ылайык, транспорттук каражаттар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн 7 областтык борборуна бөлүштүрүлөт жана бир автоунаа Улуттук иммунопрофилактика  борборуна берилет.

Авторефрижераторлор вакцина препараттарын +2+80С температурада ташууга арналган.

Маалымат үчүн:

ВИГА Альянсы Кыргыз Өкмөтүнө 2001-жылдан бери накталай каражаттардын жардамы менен бир катар программалар боюнча, анын ичинде иммундаштыруу кызматтарына көмөктөшүү, коопсуз инъекцияны колдоо, вакцинаны жайылтуу үчүн грант берүү жана Саламаттык сактоо системаларын чыңдоо (ССЧ) боюнча колдоо көрсөтүп келет.

2016-2020-ж., карата Саламаттык сактоо системаларын чыңдоо (ССЧ-2) долбоору ВИГА Катчылыгы тарабынан 2015-жылдын январь айында жактырылган.

ВИГАнын колдоосундагы 2016-2020-ж., карата Саламаттык сактоо системаларын чыңдоо долбоору (мындан ары – ВИГА ССЧ) эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, анын ичинде алдын алуучу эмдөөлөргө калктын 95%дан кем эмес бөлүгүн камтуу аркылуу саламаттык сактоо системасына балдар өлүмүн азайтууга көмөктөшүүгө жана чыңдоого багытталган.

Долбоордун негизги максаты: эне жана баланын, социалдык-аялуу топтордун ден соолугунун абалын жакшыртуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ), коомдук саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана алдын алуу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу системалуу тоскоолдуктарды жеңүү болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-gum-zhardam-katary-vakcina-tashuu-chn-unaalar-keldi



Добавить комментарий