Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө келген аскер медиктери өз ишин аяктап, мекенине узап кетишти (сүрөт)

22 августа 2020 10:55 1369 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга коронавирус илдети менен күрөшүү максатында Россиянын Коргоо министрлигинин медицина кызматкерлеринин тобу келген. Дарыгерлердин комплекстүү жардам көрсөтүү миссиясы аяктап, мекенине кайтып кетишти. Бул тууралуу КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Дарыгерлерди Канттагы авиабазадан узатышты.

Бишкектеги жана Оштогу аскердик госпиталда бир ай бою пульмонолог, анестезиолог жана терапевттерден турган 19 медицина кызматкери 400дөн ашык бейтапка медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Кыргызстандык кесиптештери менен катар россиялыктар да госпиталдын эң оор жандандыруу бөлүмүндө, интенсивдүү палатада жана терапияда ооруларды карап, нөөмөттө турушту.

Муну менен катар эпидемияга каршы санитардык иштерди уюштурууда жана бейтаптарды көзөмөлдөө тактикасында тажрыйбалары менен бөлүшүп, методикалык сабактарды өтүшкөн.

Медиктерди узатууда КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн полковниги, Генштабдын башчысы Нурлан Кирешеев белгилегендей, жарым жылдан бери дүйнө жүзүндөгү бардык медиктер жаңы вирус менен күрөшүүдө өз жанын аябай эрдик көрсөтүүдө.

"Ушундай оор мезгилде Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга аскер медиктеринин бригадасын жабдуусу менен жөнөтүп бизге колдоо көрсөттү. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамиленин, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлде экендигинен кабар берет",— деди Кирешеев.

Гуманитардык миссияны татыктуу аткаргандыгы үчүн россиялык дарыгерлер Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн медаль жана грамоталары менен сыйланды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-covid-19-menen-krshg-kelgen-asker-medikteri-z-ishin-ayaktap-mekenine-uzap-ketishti-srt



Добавить комментарий