Кыргызстанга белгилүү офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болду

6 апреля 2021 11:07 4270 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, Михаил Медведев коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, белгилүү офтальмолог, Бориц Ельцин атындагы КРСУнун кафедра башчысы Михаил Медведев 5-апрелде коронавирус инфекциясынан улам көз жумган.

Михаил Медведев коронавирус илдетин жугузуп алып, 19-мартта Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасына жаткан.

Михаил Медведев 1957-жылы туулган. 1980-жылы Медведев Караганда мамлекеттик медициналык институтунун медициналык факультетин аяктаган, 1998-жылы кандидаттык диссертациясын, ал эми 2010-жылы доктордук диссертациясын жактаган. Ал медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоонун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-belgil-oftalmolog-mihail-medvedev-koronavirustan-kaza-boldu



Добавить комментарий