Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы жеткирилди
Поделиться в:
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн Twitter баракчасына жазылган маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.
Польша Европа биримдигинин жарандык колдоо механизминин алкагында 55 миң 200 доза вакцинаны берди.
Польшанын элчисинин орун басары Томаш Коллат вакциналар бир тууган кыргыз элине берилген көмөк экенин айтты. Ал 2020-жылы жазында пандемия күчөп турган маалда польшалык дарыгерлердин тобу Кыргызстанга келип тажрыйба алмашканын дагы эскерди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-astrazeneca-vakcinasy-zhetkirildi
Добавить комментарий ×