Кыргызстандын уникалдуу бал азыгы Япониядагы эң ири көргөзмөгө чыгарылды

14 февраля 2019 17:48 1081 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушу күндөрү Япониянын Тиба шаарындагы Макухари Мессе көргөзмөлөр комплексинде тамак-аш азыктарынын эӊ ири «Food Table in Japan» көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынан «Нектар», «Нарын Уюк», «Aman Green Food», «Мол Түшүм» компаниялары катышып, уникалдуу бал азыктарын тартуу кылууда. Бул компаниялардын Японияга келүүсү, Япониянын Россия жана жаӊы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча ассоциациясынын (РОТОБО) чакыруусу жана колдоосу менен уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги, Кыргызстан менен бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон 50дөн ашуун компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрүн көргөзмөгө чакыруу иштерин уюштуруп, 2019- жылдын 14-февралында кыргыз компанияларынын стэндине учурап кайтты.

Көргөзмө 13-февралда башталган. иш чара 15-февралга чейин уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-unikalduu-bal-azygy-yaponiyadagy-iri-krgzmg-chygaryldy



Добавить комментарий