Кыргызстандын тоолуу райондорунда жаан-чачын болот
Поделиться в:
2020-жылдын 8-апрелинен 10-апрелине чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жаан-чачын болушу ыктымал. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма-сөз кызматы билдирди.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот, кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
- Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) .
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-tooluu-rajondorunda-zhaan-chachyn-bolot
Добавить комментарий ×