Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери сабалды
Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кыргыз жарандары келип, аталган мекеменин кызматкерлерин ур-токмокко алышты. Бул тууралуу аталган элчиликке шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы “WhatsApp” мессенджери аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерге, тактап айтканда, Москва шаарындагы КРнын элчилигинин имаратына жана анын кызматкерлерине кол салууга үндөгөн жарандарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.
«“Москва изилдөө борбору” тарабынан бул иштин материалдары боюнча психологиялык жана лингвистикалык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Экспертиза аяктагандан кийин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы РФнын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Москва шаарынын Якиманка району боюнча РФнын ИИБсы тарабынан элчиликтин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурунда денелерине залал келтирүү фактысы боюнча эки арызы катталган.
«КРнын жараны Б.А. жана Кыргызстанда төрөлгөн РФнын жараны М.А. карата РФнын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - дешти элчиликтен.
Добавить комментарий ×