Кыргызстан медалга ээ болот. Акжол Махмудов финалга чыкты
Кыргызстандн грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыкты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Спортчу бүгүн, 2-августта 77 кг салмакка чейинки категорияда турнирге чыкты. Баардыгы болуп 16 спортчу 1/8 финалында беттешкен.
Махмудовдун биринчи атаандашы Тунистен келген Маафи Ладжед болду, аны кыргызстандык 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.
1/4 финалда Махмудов Азербайжандын балбаны Рафиг Хусейнов менен беттешти. Аны да 9:1 эсебинде жеңип алып, жарым финалга жолдомо алды.
Финалга чыгарда кыргыз балбаны Армениянын балбаны Карапет Чалян менен кармашып, 6:2 эсебинде жеңди.
Финалдык беттеште Махмудов Виктор Лоринц (Венгрия) менен килем үстүнө чыгат. Күрөш эртең, 3-августта болот.
Анын кандай аяктаганына карабай Кыргызстан Олимпиада оюндарында 2008-жылдан бери алгач ирет медалга ээ болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-medaly-bolot-akzhol-mahmudov-finalga-chykty
Добавить комментарий ×