Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде ыкчам штаб иштеп жатат

4 февраля 2020 12:08 638 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдагы эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстандын Пекин шаарындагы элчилигинде ыкчам штаб иштеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ыкчам штаб учурда Кытайда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын телефон чалууларын жана кайрылууларын күнү-түнү кабыл алууда. Ошондой эле, Кытайда жүргөн КР жарандарынын Кыргызстандагы туугандарынын да телефондоруна жооп берип, логистика сыяктуу аларды түйшөлткөн суроолорго жооп берүүдө.

“Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен Кытайдагы элчилик ал жактан КР жарандарын алып чыгып кетүү боюнча бардык варианттарды карап, башка мамлекеттин тийиштүү органдары менен да иш алып барууда. Андыктан Кытайда жүргөн КР жарандарынан турган жери, байланыш телефондору жана башка маанилүү маалыматтарды так айтууну суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги жарандарга кайрылып, эпидемиологиялык абал турукташканга чейин Кытайга баруудан баш тарта турууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kytajdagy-elchiliginde-ykcham-shtab-ishtep-zhatat



Добавить комментарий