Кореядагы кыргыз мигранттары үчүн жумуш орундары көбөйөт (Сүрөт)

21 июля 2020 15:41 2080 Barometr
Поделиться в:
ok

Кемелова Кореяга иштөөгө келген кыргыз эмгек мигранттары үчүн квоталарды көбөйтүү өтүнүчүн билдирди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

17-июлда Кореянын элчиси Д. Кемелова Кореянын адам ресурстары башкармалыгы (HRD Korea) генералдык директор Ким Сунг Жэ мырза жана Кореянын аэрокосмостук компаниясынын "KAI" вице-президенти Ли Бон Кеном мырза жетектеген өкүлдөрүнүн биргелешкен делегациясы менен жолугушту.

“Жолугушууда HRD Korea менен элчи Кемелова коронавирустан улам токтоп калган, жумушчу кадрларды тандоону улантуу маселелери талкууланды. Кореяга иштөөгө келген кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн квоталарды көбөйтүү өтүнүчүн билдирди. Кореянын ишкерлеринин арасында Кыргызстан жөнүндө кеңири презентацияларды өткөрүүгө жана Кореянын аэрокосмостук компаниясына кыргызстандын жарандарын өз заводуна жумушка алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды», - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө кореялык тарап “KAI” компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Вице-президент белгилегендей, алар заманбап технологиялар менен жабдылган тик учактарды күндүн ар кайсы мезгилинде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Кемелова кыргызстан мындай жабдууларды өзгөчө кырдаалдарда, санитардык авиацияда жана кыргызстандын башка жерлерге жетүү кыйын жерлеринде колдонууга кызыкдар экендигин белгиледи жана биргелешкен долбоорлор түрүндө кыргызстанга инвестиция салууну сунуш кылды. Тараптар кызматташууну улантууга макулдашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-koreyadagy-elchisi-koreya-ishkerlerinin-delegaciyasy-menen-zholuktusrt



Добавить комментарий