Кыргызстандын өкмөтү өзгөчө режимде иштегенге аракет кылат

6 октября 2020 11:33 733 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзгөчө режимде иштейт. Адистештирилген мамлекеттик органдар коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барат. Бул билдирүүнү өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саясий процесстин бардык катышуучуларын учурдагы көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат. Бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилип, элибиздин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kmt-zgch-rezhimde-ishtegenge-araket-kylat



Добавить комментарий