Кыргызстандын IT-адистери коронавирус менен күрөшүүдө өкмөткө кандай жардам берип жатат?

4 апреля 2020 09:20 1052 Barometr
Поделиться в:
ok

МТБМ комитетинин төрагасы Дастан Догоев коронавирус менен күрөшүү үчүн IT-адистери кандай иштерди жасап жатканына токтолду.

Анан айтымында, бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg.

Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg. Вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнө, тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берүүчү чат-боттор жана башка платформалар бар.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди - 1312.tunduk.kg. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-it-adisteri-koronavirus-menen-krshd-kmtk-kandaj-zhardam-berip-zhatat



Добавить комментарий