Кыргызстандын хоккей курамасы кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо үчүн мелдешет

11 декабря 2019 17:01 1940 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасы кышкы 2022-Олимпиада оюндарына тандоо мелдешинин экинчи этабында күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Мелдеш 12-декабрдан 15-декабрга чейин Румыниянын Брашов шаарында өтөт. Биздин хоккей чеберлери Румыния, Израиль жана Исландия курамалары менен күч сынашат.

Олимпиада оюндарына тандоо турунун биринчи этабынын алкагында Кыргызстан 10-ноябрда Босния жана Герцеговиндер командасын 15:3 эсебинде талкалаган. Ага чейин Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) жана Люксембург курамаларын утуп, экинчи тандоо этабына мөөнөтүнөн мурда өткөн.

Хоккейчилер спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда. Ал үчүн аталган Дирекциянын бюджетинен 1 миллион 387 миң сом каралган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-hokkej-kuramasy-kyshky-olimpiada-oyundaryna-zholdomo-chn-meldeshet



Добавить комментарий