Кыргызстандын Элчилик командасы футболдук мелдеште биринчиликти багындырды

3 мая 2019 09:56 581 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн Түркиядагы Элчилик кызматкерлеринин ортосунда  Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 74 жылдыгына арналып футболдук мелдеш өткөрүлдү.

Мелдеш Орусия Федерациясынын Элчилигиндеги футболдук аянтчада болуп Кыргызстандын командасы биринчиликти алды.

Мелдешке алты өлкөнүн Элчилик кызматкерлеринен турган командалар катышты. Аларды атай кетсек; Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Орусия жана Түркмөнстан.

Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан бир тайпада болсо, Азербайжан, Монголия жана Орусия экинчи тайпада ойношту. Эки тайпанын жеңүүчүлөрү финал беттешүүсүнө чыкса, тайпада экинчиликти алгандар мелдештеги үчүнчүлүк оруну үчүн беттешишти.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстан Казакстан командасын 8-2 эсебинде утуп алды. Тайпадагы экинчи оюнда Кыргызстан Түркмөнстанды 10-2 эсебинде утту. Түркмөнстан да Казакстанды 5-2 эсебинде утту.

Эки тайпадан тең  экинчиликти алган командалар Азербайжан менен Түркмөнстан мелдештин үчүнчүлүгү үчүн беттешип, Азербайжан Түркмөнстанды 4-2 эсебинде утуп алды.

Ал эми  тайпалардын  жеңүүчүлөрү болгон Орусия менен Кыргызстан финалда беттешип, Кырызстан Орусияны 3-1 эсебинде утуп алды.

Кыргызстан командасы Чынгыз Абрахманов, Алишер Осмонов, Элмурат Кочкор уулу, Нурбек Табышев, Ринат Абдрахманов, Алмазбек уулу Дастанбек жана дарбазачы Назар Абдимомуновдон куралган.  Консул Чынгыз Абдрахманов атаандаш дарбазасына удаама-удаа гол киргизип оюндагы чеберчилигин көрсөттү.

Оюндун жеңүүчүлөрүнө 1-май күнү медалдары тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-elchilik-komandasy-futbolduk-meldeshte-birinchilikti-bagyndyrdy



Добавить комментарий