АКШдагы Grand Princess кемесиндеги эки кыргызстандыктан коронавирус табылган жок
Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчилиги АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кеменин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жараны менен тыгыз байланышта болгонун маалымдайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.
13-мартында Кыргызстандын эки жараны карантинди ары өтүү үчүн АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү.
Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады.
Алдын ала маалыматтар ылайык, Кыргызстандын эки жараны 14-күндүк карантинди өткөндөн кийин карантиндик борбордон үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк болот.
Добавить комментарий ×