Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган логотип жактырылды
Поделиться в:
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган логотипти тандап алды. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Тандалып алынган логотипти Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Шакир Арыков жана Жениш Жанузаковдор иштеп чыгышкан.
Логотипте өлкөнүн кызыл түстүү туусу, гербдин көк түсү берилген. Эмблема кыргыздын орнаменттери менен кооздолгон.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-egemendiginin-30-zhyldygyna-arnalgan-logotip-zhaktyryldy
Добавить комментарий ×